Баткенде мал уурулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Баткен районунун Көк-Таш айылында милиция кызматкерлери мал уурулуктун алдын алуу максатында иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Көк-Таш айылында жашаган тургундарга мал сарайларга түн ичинде кулпу салууну, жарыктандырууну, жайытта же болбосо талаага малды кароосуз калтырбоо эскертилүүдө.

“Бул аймак Тажикстан менен чектеш болгондуктан мал уурулук фактылары көп катталууда. Ошондуктан жергиликтүү тургундарга милиция кызматкерлери эскертүү актыларын таркатышууда”, – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бул аймакта жыл башынан бери мал уурулук боюнча 6 факт катталган. Жыйынтыгында 2 баш тай, 10 баш бодо мал, 22 кой-эчкилер кайтарылып, өз ээлерине тапшырылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.