Баткенде кыргыз жигити менен өзбек кызы баш кошту

Баткенде кыргыз жигити менен өзбек кызы баш кошту. Үй- бүлө курууну чечкен жаштарды ата- энелери да колдоп, эч кандай каршылык жаралган эмес.

Кыргыз жигити Эмирлан менен өзбек  кызы Шахсанам  Орусияда иштеп жүрүп табышып, баш кошууну чечишкен. Жаштардын  бул сунушун  ата-энелери да колдоого алып, макулдугун берген.

“Мен Москвада 5 жылдан бери эмгектенем. Ал жакта жүрүп келинчегимди жолуктурдум. Бири- бирибизге болгон сүйүү бизди менин мекениме алып келди. Бактыбызга жараша бизге эч ким каршылык көрсөткөн жок, жолубуз ачык болду. Эң негизгиси улут же жер эмес, биздин бактыбыз”,- дейт Эмирлан Байышбек уулу.

Кыргызстанга кыз берип, кыргыздар менен кудалашып жаткан өзбекстандык Жамилия Юнусова улут же жолдун алыстыгы жаштардын келечегине залакасын тийгизбейт деп ишенет.

“Албетте, мындай учурда өлкө башчыларыбызга ыраазычылык билдириш керек. Эки элдин ынтымагын бекемдеп, чек араны ачып беришти. Баш кошкон эки жаш кыргыз- өзбек мамилесин дагы да бекемдейт деп ишенем”,- дейт Жамилия Юнусова.

Ата- энелерде жаштардын келечекте кыйналып калат деген кооптонуулары жок. Тескерисинче, бекем үй- бүлө болот деген ишеним менен бата беришти.

“Уулубуз Москвага барып иштеп, келинибизди таап келди. Эми өзбектер менен куда болдук. Бири- бирибизге каттап, ынтымактуу болобуз деп үмүттөнөбүз. Бизде эч кандай каршылык жок, экөө бактылуу болсо эле биз да бактылуу болобуз”,- дейт Эмирлан Байышбек уулунун энеси.

Шахсанам Андижанда 3 жылдык медициналык коледжди  аяктаган. Андыктан, Кыргызстанда өз кесибин аркалап, кызмат кылсам деген тилеги бар.

“Кыргыз жигитке турмушка чыгып, Кыргызстанда жашайм деп эч качан ойлогон эмесмин. Бирок жолдошум экөөбүз бири- бирибизди жактырып калып, келин болуп келдим. Келиндик милдетимди аткарып, жакшы кызмат кылганга аракет кылам. Каада- салттарыбыз, тилибиз окшош эле болгондуктан, кыйналган деле жокмун”,- деди Шахсанам Юсупова.

Кыргыз-Өзбек чек арасынын ачылышы экономикага эле таасир бербестен, кыз алып, уул үйлөп катташкандарга да шарт түзүп жатат. Чек ара ачылгандан бери эки улуттан куда сөөк болгондор арбыды.

Сюжет: Феруза Аскарбек кызы, Жыргал Абдыжалил уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген