Баткенде куралды этиятсыз колдонуудан улам жаракат алган экинчи чек арачы каза болду

Баткенде куралды этиятсыз колдонгонунан улам жаракат алган экинчи чек арачы каза болду. Дагы бирөөсү андан мурун көз жумган. Бул тууралуу УКМКнын мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда билдирилгендей, 1-июнда Баткен районунун Паскы-Арык айылында кызмат өтөп жатып, мылтыкты этияттык менен кармабагандыктан жаракат алган А.А.у  каза болду.

Тиешелүү органдар окуяны териштирип жатышат.

Эске салсак, Баткен районунун Паскы-Арык айылында кызмат өтөп жатып, куралды бейкапар колдонуунун кесепетинен УКМКнын бир чек ара аскер кызматкери ошол жерде каза болуп, экинчиси жаракат алган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.