Баткенде куралдуу жаңжалда документтерин жоготкон 17 жаран жаңы паспортторду алышты

Облустук администрациясынын басма сөзүнүн берген маалыматына ылайык, мамлекеттик каттоо кызматынын жер-жерлердеги кызматкерлери чек ара жаңжалы учурунда инсандыгын тастыктаган документтердин жоголгону жөнүндө арыздарды кабыл алышууда.

Мекемеге паспортторду – ID-карталарды алууга жалпысынан 49 арыз келип түшкөн.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Баткен шаарындагы жарандарды кабыл алуу борбору иш графигин өзгөртүп, эртең мененки саат 8ден кечки 20:00гө чейин иштейт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.