Баткенде курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

Баткен облусунун Баткен районунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, жашырылган жерден мылтыктын 5,45 жана 7,62 мм калибрдеги 37 даана ок, таңгакталган белгисиз заттар, жалпы салмагы 250 граммдан ашык марихуана спецификалык жыты бар заттар табылып алынды.

Табылып алынган заттар тийиштүү экспертизага жиберилип, азыркы учурда УКМК бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды улантып жатат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.