Баткенде үйүндө баңгизат сактаган шектүү кармалды

Баткенде үйүндө желим бөтөлкөдө баңгизатын сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда билдирилгендей, Баткен РИИБинин ыкчам кызматкерлери алынган маалыматтын негизинде Баткен шаарында жашаган 43 жаштагы Х.А. аттуу тургунунун үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Тинтүү учурунда 4 даана желим бөтөлкөдө өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү баңгизатына окшогон зат табылган. Алынган заттарга соттук-химиялык экспертизалар дайындалды.

Бул факты Баткен РИИБинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш иштери баштатылды. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.