Баткенде ишкерликти жандантуу маселеси талкууланды

Өз алдынча бизнес баштай албай же өркүндөтө албай жүргөн жарандарга багыт берип, мүкүнчүлүк жаратуу зарыл. Бул тууралуу республикадагы ишкерлердин Баткен облусундагы жолугушуусунда айтылды. Алар экспорттун шарттары, талаптары жана жеңилдиктер туурасында талкуулашты.

Облустун экономикасы миграцияга көз каранды.

“ Баткен облусунда 530миң калк болсо анын 50миңге жакыны миграцияда жүрүшөт. Бул расмий көрсөткүч болсо, катталбай сыртка чыккандар арбын. Алардын 90%ы ишке жарамдуулар. Айрымдары жогорку билимдүү болгону менен,кара жумштан үй-бүлө багышат. Мынтип сырт жакта жан баккан жарандар үчүн ишкердикти өздөштүрүү негизги маселе. Анткени облустун экономикасы да миграцияга көз каранды болуп баратат”,- дейт жеке ишкер Жибек Шарапова.

Өз алдынча насыяларды алып ишкерлик кылгандар да бар. Бирок кеткен каражатын актай албай чыгашага учурагандар көп.

“ Бизде мыйзамдардын көпчүлүгү ишкердүүлүккө каршы келет.Ага өзгөртүлөрдү кигизүү керек. Ал гана эмес жеке ишкерлер өз укугун, мүмкүнчүлүгүн, милдетин толук билүүсү шарт. Же ишкер мыйзамды окуп түшүнө албайт. Анткени өтө татаал жазылган”, -дейт ЖИА бизнес ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Темирбек Ажыкулов.

Учурда Баткен облусунда 60тан ашуун ишкерлер айыл-чарба, соода-сатык, тейлөө, өндүрүш тармагында иш жүргүзүп келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген