Баткенде ишкерлерди колдоо программасы иштелип чыкты

“Кепилдик фонд” “Бир район-бир ишкана” программасын иштеп чыкты. Анын алкагында аймактардагы ишкерлерди колдоого басым жасалат. Программа региондорду өнүктүрүү жылына карата иштелип, өндүрүштүк ишканаларды көбөйтүү максатын көздөйт.

“Кепилдик фонд” кичи жана орто бизнеске насыя алууну каалагандарга банкка кошумча күрөө бөлөт. Фонд 300 миң сомдон жогору суммага гана кепилдик берип, ал үчүн айына 2 пайыздан төлөм алышат.

“Кепилдик Фонд” Кыргызстан өкмөтүнүн 2016-жылдагы токтому менен түзүлгөн. Фонддун жалпы капиталы 280 млн сомду түзүп, каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген