Баткенде Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракеси белгиленет

Баткен облусунда мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленет. Мааракени 2020-жылдын күз айларына өткөрүү пландалууда.

Ага карата Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарованын жетекчилиги астында,  уюштуруу комитетинин биринчи кенешмеси болуп өттү.

Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына   арналган иш-чараларды  өткөрүү боюнча атайын иш-планын түзүү менен  ар кандай маданий-уюштуруучулук, илимий иш-чараларды, конференция, семинарларды, сынактарды уюштуруп өткөрүү,  жалпыга маалымдоо каражаттарына чагылдыруу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар коюлду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.