Баткенде ири өлчөмдө күкүрт кычкылтегин сатуу учурунда бир адам кармалды

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери “күкүрт кычкылтегинин” ири партияларын сатууга аракет кылган кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюшту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда билдирилгендей, 269-берене (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында Баткен облусунун Кадамжай районунда күкүрт кычкылтегин сатуу учурунда, 1987-жылы туулган жаран С.А. кармалган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1 тонна 833 кг кычкылтек алынган.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ушул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.