Баткенде дарыяга түшүп кеткен өспүрүм табыла элек

3-апрель күнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы  Исфайрам дарыясына түшүп кетен 8 жашар бала табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМден жалпы 52 куткаруучу (КР ӨКМнин Кадамжай райондук №75 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн (ӨКБ) 8 куткаруучу, №76 ӨКБдан 9, №107 ӨКБдан 6, №77 ӨКБдан 4, Кызыл-Кыя шаардык №62 ӨКБдан 12, №3ӨИКОнан 8 куткаруучу жана РӨКОдон 5 суучул) жана жергиликтүү тургундар тартылган. Бирок натыйжа болгон жок.

Издөө иштери бүгүн да улантылат

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген