Баткенде дайынсыз жоголгон жарандын жансыз денеси табылды

Баткен облусундагы Бужум айылынын дайынсыз жоголду делген 33 жаштагы Жигитали Темирбаевдин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, сөөгү табылган жаран үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында өз үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен. Аны бир тууган эжеси издеп, 19-октябрь күнү милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Криминалдык милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, маркумду өлтүрүүгө шектеп Баткен шаарынан Бужум айылынын 31 жаштагы И.М. жана анын бир тууган иниси 28 жаштагы Ж.Н. аттуу жарандарды кармаган.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.