Баткенде дайынсыз жоголгон өспүрүмдөр табылды

Баткенде дайынсыз жоголуп кеткен бир туугандар табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Изделип жаткан 15 жана 12 жаштагы өспүрүмдөр, бүгүн, 14-июль күнү саат 12:00 чамасында Баткен шаарында жүргөн жеринен табылган.

Бир туугандар, Баткен районунун Бужум айылынын Ынтымак участкасынын тургуну 2006-жылы туулган Айназик Кудайбердиева жана бир тууганы 2009-жылы туулган Ариет Кудайбердиевдер бир күн мурун, 13-июль күнү саат 18:30 чамаларында үйдөн белгисиз тарапка чыгып кетишип, үйгө кайтышкан эмес.

Балдардын ата-энеси Орусияда иштеп жүргөндөрүнө байланыштуу, алар чоң энесинин карамагына өткөрүп берилди.


Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.