Баткенде чек арада жабыркагандарга салык жеңилдиктери берилет

2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жабыр тарткан салык төлөөчүлөргө мамлекет колдоо көрсөтүүнүн атайын чараларын көрүүнү сунуштоодо. Кабинеттин токтомунун долбоору экономика жана каржы министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан.

Жабыр тарткандарга салыктын бардык түрлөрү боюнча жеңилдиктерди бекитүү сунушталды. Бийлик ошондой эле салык карыздарынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздарынын топтому боюнча кийинкиге жылдыруу же бөлүп-бөлүп берүү планын каалайт. Ал эми карыздын көлөмүндө салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн, пайыздар алынбайт.

“Анда Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугун жана мамлекеттик социалдык отчеттуулукту кошпогондо, жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга
камсыздандыруу каражаттары тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүсүз салык отчетун берүү укугу каралган “, – деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.