Баткенде чек арачылар малдарды чек арадан мыйзамсыз айдап өтүүнүн жолун бөгөштү

Баткен облусунда Айдаркен чек ара кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз малды өткөрүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Ага ылайык, чек арачылар тарабынан Кадамжай районунун Кара-Жантак аймагында “хундай-портер” үлгүсүндөгү 2 автоунаа жана 74 баш майда жандыктарды Кыргызстандан Өзбекстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган, 1978-жылы туулган А.М., 1991-жылы туулган Т.Р жана 1989-жылы туулган Т.М. кыргыз жарандары кармалды.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана мал жандыктары кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары, маалымдалгандай, 27-июнда Ала-Бука чек арасынын чек арачыларына Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Жаңы-Шаар айылынын тургуну 1987-жылы туулган М.А. коңшу мамлекеттин аймагына өткөн жылкыны кайтарып берүүгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында жылкы ээсине кайтарылып берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.