Баткенде чек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн санаторийлерде эс алуу уюштурулду

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун администрациясынын демилгеси менен Жети-Өгүз районундагы Ак-Тулпар пансионатында Баткенде чек арада куралдуу жаңжалда 59 жабыркаган тургунуна моралдык-психологиялык колдоо көрсөтүү максатында 10 күндүк эс алуу уюштурулду. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынан билдиришти.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын калган 19 жаранын «Жалал-Абад санаторийинде» эс алууга жөнөттү. Ал эми Ош шаарында, К.Мамакеев атындагы санаториясында, Баткен облусунун чек ара айылдарынын жаңжал учурунда жапа чеккен 20 тургуну учурда эс алып, ден-соолуктарын чыңдап жатышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.