Баткенде чек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн 70 заманбап үй курулду

Баткен районунун чек арадагы Максат айылында кыргыз-тажик жаңжалынан жабыркаган тургундар үчүн 70 жаңы заманбап үй курулду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31 -августка чейин Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата дагы 70 жаңы заманбап үйдүн курулуш иштери аяктайт. Бул жаңы үйлөрдү Дуваташ кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы куруп жатат. Үйлөр отко жана сууга туруштук берүү талаптарын эске алуу менен дүйнөдөгү эң ири курулуш компанияларынын технологиялары боюнча курулган.

Жаңы үйлөр керектүү нерселердин баары менен жабдылганы, Түркиядан сапаттуу курулуш материалдары алынып келингени белгиленди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.