Баткенде чек ара жаңжалында жабыр тарткандар боюнча коомдук талкуу болду

Баткенде 22-октябрь күнү чек ара жаңжалында жабыр тарткандар боюнча коомдук талкуу болду. Талкуунун жүрүшүндө Көк-Терек жана Достук айылдарында 28 үй-бүлө азыркы учурга чейин үйлөрүнө кирише электиги айтылды.

Иш-чарада президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.К. Туллаев маалымат берди. Жогорку Кеңештин депутаты Н.В. Никитенко көтөрүлгөн маселелердин маанилүүлүгүн белгилеп, депутаттык суроо-талаптар тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго жөнөтүлгөнүн билдирди.

Жалпысынан тонолгон мүлк жана уурдалган мал үчүн компенсациялык төлөөлөргө 298 жаран муктаж. Бул компенсациялардын жалпы суммасы 300 млн. сомду түзөт.

Туллаев айтылган маселелерди президенттин администрациясына жеткирүүнү убадалады.

Мындан тышкары, жабыркагандарды жаңы үйлөргө жайгаштыруу маселеси чоң талаш-тартыш жаратты.

Ошондой эле тегерек столдо чек ара маселелери каралып, калк чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин аягына чыгууну суранды. Тургундар бийликтен чек ара айылдарында электр энергиясын өчүрбөстүгүн суранышты.

Жалпысынан алганда акыркы айларда мамлекет инфраструктураны, социалдык объекттерди калыбына келтирүү, жабыркаган калкты дарылоо үчүн 54 млн сом сарптады. Анын ичинен атайын эсепке келип түшкөн каражат дээрлик 120 млн. сом. Атайын эсеп жарандардын, мигранттардын жана ишкерлердин эсебинен да толукталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.