Баткенде чек ара бөлүмүнүн чөгүп бараткан жоокерин кесиптештери куткарып калышты

Баткен районундагы Зардалы айылында Коргон чек ара постунун аскер кызматкери Ак-Терек дарыясына чөгө баштаганда, аны кесиптештери куткарып алган. Окуя болгон учурда сууга АКС-74 куралы түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, окуя болгон жерге келген куткаруучулар 1992-жылы туулган Ш.У.Р.нын чөгүп кеткен куралын издешкен. Бирок ал натыйжа берген жок. Издөө иштери бүгүн, 1-июлда улантылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.