Баткенде үч мектептин курулушу план боюнча жүрүп жатат

Баткен облусунда үч мектептин курулушу планга ылайык жүрүп жатат. Мамкурулуштан билдиришкендей, объектилер Баткенде, ошондой эле Лейлек районунун Гөлбө айылында жана Кадамжай районунун Чуңкур-Кыштак айылында жайгашкан.

Мектептер кеминде 275 орунга ылайыкташтырылган. Каржылоо Сауд Аравиянын өнүктүрүү фондунун насыяларынын эсебинен жүргүзүлөт.

Ушул жылдын аягына чейин объектилерди пайдаланууга берүү пландалууда.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.