Баткенде бир диний мекеме менен эки мечит пайдаланууга берилди

Баткен облусунун Кара-Бак жана Лейлек райондорунда эки мечит пайдаланууга берилди. Бири эки кабаттан турат. Экөөндө тең шарттары каралган.

“Даарат алуучу, намаз окуучу жана жыйынга чакан бөлмөлөрү кошулуп салынган. Эки мечитте тең толук шарттары бар. Курулушту демөөрчүлөр каржылашкан”,-деп белгиледи муфтияттан.

Мындан сыркары Кара-Бак айылындагы медресенин кыздар билим алуучу корпусу да ишке берилди. Ага “Табаарак” кайрымдуулук фонду каржылык колдоо көрсөттү.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz