Баткенде бала жоголду. Аны тоолордон издеп жатышат

Кадамжай районунда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбеген өспүрүмдү издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

6 -сентябрда Кадамжай шаарынын Металлургов көчөсүнүн тургуну 2006 -жылы туулган Д.уулу Өмүрбек үйүнөн тоолор тарапка чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Анын ата -энеси Кадамжай РИИБге арыз менен кайрылган.

Издөө иштерине куткаруучулар дагы тартылган. Алар Көтөрмө айыл аймагындагы Сары-Талаа тоолорундагы аймакты текшеришүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.