Баткенде “Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” инвестициялык форуму өтөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун жетекчилиги астында 13 -октябрда Баткенде “Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” инвестициялык форуму өтөт. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңеши нвестициялар министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Эске салсак, 2021 -жылдын 4 -майында президентинин “Баткен облусунун чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” жарлыгы региондогу чек ара айылдарын эрте калыбына келтирүүгө көмөктөшүү максатында чыккан.

Узак мөөнөттүү келечекте региондун социалдык-экономикалык өнүгүү концепциясын аныктоо жана инвестиция тартуу үчүн инвестициялык форум пландаштырылган.

Белгиленгендей, иш-чара мамлекеттик-жеке диалогдун аянтчасы болуп калат, анда Кыргызстандын финансы институттары инвестициялык долбоорлорду каржылоо механизмдерин көрсөтүшөт, эл аралык эксперттер ата мекендик ишкерлер үчүн практикалык семинарларды өткөрүшөт.

Форумдун катышуучулары долбоорлорго кредиттер боюнча кепилдиктерди берүүнүн шарттарын, өрүктү кайра иштетүү боюнча логистикалык борборду түзүү, пилоттук бизнес экосистемасына негизделген аймакты өнүктүрүү концепциясын жана Баткенди өнүктүрүүгө байланышкан көптөгөн башка маселелерди талкуулашат. Ошондой эле Баткенде мейманкана жана Исфана шаарында логистикалык борбордун долбоору көрсөтүлөт.

Катышууңузду 3 -октябрга чейин телефон аркылуу ырастай аласыз. +996 555 426 032, электрондук почта почта: bazarbaeva@invest.gov.kg.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.