Баткенде баңги затын алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Үч-Коргон айылында мөмө-жемиштерге жашырып баңги затын Россия Федерациясына андан ары Европага жөнөткөн жарандар ачыкталды.
Аталган маалымат Кадамжай РИИБне түшкөн соң, милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында оор жүк ташуучу “Вольво” үлгүсүндөгү унаага мөмө-жемиштердин арасына баңги затын салып, Россия Федерациясына аталган аймактан чыгып кеткен маалымат Кадамжай РИИБнүн КЖБРне катталып, тергөө тапшырмасы менен Криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлдөрү иликтөө иштерин жүргүзүшөт.
Кара-Көл ШИИБнин жол коопсуздук кызматынын кызматкеринин жардамы менен Кадамжай РИИБнүн кызматкерлеринин иш алып баруусунун натыйжасында “Вольво” үлгүсүндөгү унаа Кара-Көл шаарынан токтотулуп, Кадамжай РИИБнүн кызматкерлеринин коштоосунда Кадамжай РИИБнүн тергөө кызматына алынып келинет.
Унаанын айдоочусу унаага азиат улутундагы жаран 19тонна шабдалы, кара өрүк, алмурут жүктөгөнүн жана жүктү РФга алып барарын түшүндүргөн.
Милиция кызматкерлери автоунаага тинтүү жүргүзгөндө мөмө-жемиштердин арасынан 93даана брикет алдын ала салмагы 44кг. 300 грамм болгон зат табылып алынган.
Бул кармалып алынган затка тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында наркотикалык заттын “героин” 999 түрү экендиги аныкталды.
Ал эми жүктүн ээлери Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ал жаранга издоо жарыяланды жана анын жүргөн жерин аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген