Баткенде ажылык сапарга бара тургандар эмдөөдөн өтүп жатат

Баткенде быйыл 2019-жылга ажылык сапарга бара турган зыяратчыларды сасык тумоо жана менингит ооруларына каршы эмдөө башталды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

«Быйыл аталган облустан 420 жаран ыйык Мекке шаарына барууга жолдомо алышкан. Учурда алар облустун борборундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмдөө алып жатышат. Эмдөө 10-июндан 20-июнга чейин жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Баткен облусунан ажылык сапарына баруучу жарандарга жоопту ажы башчылар атайын ажылык милдеттер, Мина, Арафат өрөөндөрүндө аткарылуучу ажылык амалар боюнча кеңири айтып берип, ажылык бардык ибадат шарттарын үйрөтүлүүдө.

Быйыл Сауд Аравия падышачылыгы Кыргызстанга 5510 квота бөлгөн. Ал эми ажылык сапардын баасы 3000 доллар деп белгиленген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген