Баткенде авиа бомба жарылды. Кантип? ВИДЕО

Кадамжайдын Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү айдоо жерлерде авиабомбалар табылууда. Өткөн жылы бул аймактагы 200 гектардай жерден 30 даана табылса, быйыл 87 гектар тазаланып, андан табылган 5 даанасы атайын жардыруу жолу менен жок кылынды. Алар “Фап- 50” үлгүсүндөгү жардыруучу заттар болгон. Булар тууралуу № 026 26 Аскер бөлүгүнүн инженердик кызматынын башчысы Русланбек Улукахунов билдирди.

Буга чейин жашоочулар эгин айдап, үйдүн жерпайын казып жатканда ушундай бомбалардын калдыктары чыгып келген. Алардын калдыктары жашоочуларды дайыма тынчсыздандырчу. Авиа бомбалар кантип бул жакка түшүп калганын Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчыбай Төралиев түшүндүрүп берди.

“Бул – Бүргөндү өрөөнү, 1973-жылдары өздөштүрүлгөн. Ага чейин жөн эле талаа болчу. Ошондуктан, 1951-жылдары аскердик машыгуу талаасы катары пайдаланылган. Анда учактар менен бомбаларды таштап, машыгуу өткөрүшкөн. Алардын көбү жарылган. Бирок, жарылбай калгандары да болгондуктан, азыр ушинтип табылып жатат”,-дейт Төралиев.

Аталган аймак авиа бомбаларды сыноо, аларды таштап машыгуу талаасы болуп 1943-жылдан 1973-жылга чейин колдонулган.

Ошто май куюучу жайда жарылуу болду. Видео

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген