Баткенде аткезчилик жол менен күйүүчү май жана энергетик ичимдектерин алып өтүү аракети токтотулду

Баткен облусунда чек арачылар күйүүчү май жана энергетиктердин аткезчилигине бөгөт коюшту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин чек ара кызматынан билдиришти.

Белгилүу болгондой, 16-сентябрда Кожом-Булак участкасында чек ара отряды тарабынан 2 миңден ашык банка Ягуар энергетикалык суусундуктарды Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган, Хундай-Портер унаасын башкарып бараткан КРнын 36 жаштагы жараны кармалган.

Ошол эле күнү Мазар аймагында чек арачы банктагы 240 литр күйүүчү -майлоочу материалдарды Тажикстандын аймагына өткөрмөкчү болгон Кыргызстандын жарандарын кармашкан.

Документтер катталып бүткөндөн кийин кармалгандар жана жүк укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.