Баткенде ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны такталууда

Кадамжай районунда жергиликтүү бийлик, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери үймө-үй кыдырып ата-эненин камкордугусуз калган, ички жана тышкы миграцияда жүргөн жарандардын балдарын тактоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Комиссия балдарга карата ырайымсыз мамилелердин, зордук-зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында иштерди алып барышууда.

Үймө-үй кыдыруу иштеринин жыйынтыгы менен, миграцияда жүргөн үй бүлөлөрдүн, ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлө жана балдардын, зордук зомбулукка кабылган балдардын саны такталып, тобокел топко кирген үй бүлөлөр адистердин көзөмөлүнө алынат.
Үймө-үй кыдыруу өнөктүгү облустун бардык район шаарларында уланууда.
Белгилей кетсек, Кадамжай районунда 2019-жылда ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны 7435 болгон болсо, 2020-жылдын жыйынтыгы менен 5 047 баланын ата- энеси миграцияда экени аныкталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.