Баткенде аскер кызматкерлери батирлүү болушту

Баткенде чек ара кызматкерлерине кезектеги үй бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. 2021 аскер бөлүгүндө курулган 24 батирлүү турак кызматтык үй катары пайдаланылат.

Батирге эң эле муктаж делген аскер кызматкерлери жайгашышты. Ачкычтарын 20-февраль күнү президент Сооронбай Жээнбеков тапшырып, конуштуу болушканы менен куттуктады.

Үйлүү болгондордун бири Жаныбек Топчубаев Жалал -Абад облусунун тургуну. Ал жубайы менен бирге 17 жылдан бери чек ара кызматында эмгектенип келет. Бул аралыкта Лейлек районундагы бардык чек ара бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн. Үй-жайы жок болгон үчүн үй-бүлөсү менен көчүп-конуп ижарада турушкан.

Эми мындай кыйынчылыктар артта калды. Лейлек районундагы И. Раззаков атындагы 2021 аскер бөлүгүндөгү Жаныбек Топчубаев сыяктуу 23 кызматкер батирлүү болушту. Курулушу мындан 3 жыл мурда башталган эки кабаттуу үй бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Заманбап шарттар менен курулган туракка 38 млн сом керектелген.

Буга чейин 2024 аскер бөлүгүндө 16 кызматтык батир болсо, жаңысы менен 40ка жетти.  Аскер кызматкерлерине шарттарды жаратуу менен мекенге тынчтык орнотобуз деген өлкө башчы мындан ары чек арадагы баардык көйгөйлөр чечилээрин убадалады.

Учурда өлкө боюнча 500 аскерге ылайыкташкан үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Алар Ош, Ноокат, Ала – Бука жана башка аймактарда. Жакында Баткенде  Кыргызстан-Өзбекстан чегиндеги Газпром чек ара тозоту пайдаланууга берилет. Жаны застава да комплекстүү курулуп, 6 батири менен кошо бүтүрүлмөкчү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген