Баткенде алдамчылык менен алектенип жүргөн жаран кармалды

Баткенде алдамчылык менен алектенип жүргөн жаран кармалды. Шектүүнүн үстүнөн эки жаран арыз менен кайрылып, чоң суммадагы акча алдырганын билдиришкен. 

Ушул жылдын май айынын башында ички иштер органдарына Баткен облусунун жашоочусу кайрылып, кармалган жаран андан жалпы суммасы 76 000 сомдук алтын жасалгаларын алып, андан соң азыркы күнгө чейин изин жашырып жүргөндүгүн билдирген.

Мындан сырткары, Кадамжай районунун жашоочусу  350 000 сомдук акча каражатын алдырып койгонун айтып кайрылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактыларга шектелип Баткен облусунун Кадамжай районунун жашоочусу, 1963-жылы туулган З.А. аттуу жаран кармалды. Анын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы иликтенип жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген