Баткенде айыл чарба продукциясын кайра иштеткен эки ишкана ачылат

2020-жылы Баткен облусунда айыл чарба продукциясын кайра иштеткен эки ишкана ачылат. Бул тууралуу облус башчысы Акрам Мадумаров Кызыл-Кыя шаарындагы айыл чарба продукциясын кайра иштеткен Агропласт ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышкан убакта белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, мөмө-жемишти кайра иштетүүчү ишканалар Баткен районунун Самаркандек айылында жана Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагынын Кызыл-Булак айылында ачылуусу күтүлүүдө.

Учурда Баткен облусунун аймагында 25 кайра иштетүүчү ишканалар иш алып барат. Алардан 11и мөмө-жемиштерди, беши   жүзүмдү, төртөө сүттү, беш ишкана дагы башка продукцияларды кайра иштетип чыгарат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген