Баткенде 60 жаштагы адам изделүүдө

Баткен облусундагы Кара-Бак айылынын 1961-жылы туулган тургуну 14-май күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянганда, жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес.

“Изделип жаткан эркек кишинин кийимдери Кожош-Кен суусунун жээгинен табылган. 14-май күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын 15 куткаруучусу, ИИМдин 6 кызматкери, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган. Бүгүн, 20-май күнү издөө иштери улантылат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.