Баткенде 49 үй-бүлө коопту аймакта жашайт. Фото

Баткенде 49 бүлө жер көчкү, сел, таш кулоо кооптуулугу жогору болгон участоктордо жашап жатат. Бул тууралуу “Ынтымакка” ӨКМдин Баткен шаардык бөлүмүнүн башчысы Туратбек Турдуев билдирди.

Анын айтымында, кооптуу болгон Баткен районунун Дара аймагындагы Кайынды, Жаңырык, Табылгы, Сарыталаа, Тунук-Суу жана Кан айылдарындагы тургундарды коопсуз жайга чыгаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, эскертмелер берилди.

“Аларды коопсуз жайга убактылуу болсо да көчүрүү боюнча тапшырмалар берилип, убактылуу көчүрүү жумуштары башталды”,-деди ал.

Табигый кырсыктарды алдын алуу максатында атайын  долбоордун алкагында  Дара аймагынын Табылгы айылындагы жер көчкү коркунучу бар жерге   500 даана бадам көчөттөрүн отургузулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.