Баткенде 400 пенсионер өздөрүнө жумуш орун түзүштү

Чек арага жакын жайгашкан айылдардагы пенсионерлер бош убактарында алектенүү үчүн күнөскана жана тоок фермасын түптөшкөн. Жумуш орундан сырткары чакан фонд түзүштү. Эми андан чогулган каражаттын бир бөлүгүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө жумшашат.

Самаркандек айылынын тургуну Уулжан Хасанованын пенсияга чыкканына 13 жыл болгон. Мындан үч жыл мурун короосунда тоок багууну баштаган. Азыр тоокторунун жумурткаларын айылдагы дүкөнгө тапшырып, киреше табууда.

“Неберелерди кароо менен бирге чарба менен да алектенип жатам. Бекер олтурганда эмн, алгач 15 тоок алып карасам, азыр эки эсе көбөйттүм. Жумурткаларды кошуналарга таратып, артканын айылдагы дүкөнгө тапшырып жатам”, -дейт Уулжан Хасанова.

Уулжан Хасанова сыяктуу үйүндө күнөскана карап, ишкерлик кылган пенсионерлердин саны Баткен облусунда 400дү түзөт. Алар ай сайын чогулуп, ишкерликтерин талкуулап, көйгөлөрүн чечип, бири-бирине колдоо көрсөтүп турушат.

“Ортодо атайын чакан фонд да түзгөнбүз. Мындай чарбачылык айылдагы улгайгандардын башын бириктирип, жашоого кайрадан үмүт арттырып жатат. Жолугуп, бири-бирибиз менен сүйлөшүп билгендерибиз менен бөлүшүп турабыз”,- деди Абдикарим Абдиназаров.

Чарбагер пенсионерлер айылдагы жакыр жашаган үй-бүлөлөргө да кол кабыш кылып турушат. Күнөскана иштеткендер жашылча мөмө-жемиштерин таркатса, тоок баккандар жумурткасын акысыз беришет.

Элеттеги пенсия жашындагыларды жумуш менен камсыз кылуу “Борбор Азиядагы жакырчылыкты кыскартуу” долбоорунун алкагында ишке ашты. Эл аралык уюм мындан 3 жыл мурда Баткендин чек арага жакын 20 айылындагы пенсионерлер менен ишкерликти баштаган. Жарымына 15ден тоок калганына күнөскана куруп беришкен. Азыр алар өз алдынча чарбасын кеңейтүүдө.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген