Баткенде 356 кг сымапты ташып бараткан жаран кармалды. Фото

22-февралда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Кадамжай шаарында ыкчам-иликтөө иш-чараларын өткөрүүдө 1961-жылы туулган М.Э. аттуу жарандын башкаруусундагы «Лексус RX-330» үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Автоунаанын салонуна тинтүү жүргүзүү учурунда 356 килограмм салмактагы «сымап» уулуу заты табылып алынган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 277-беренеси «Күчтүү таасир берүүчү жана уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү» боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.