Баткенде 30 мигранттын үй-бүлөсү чакан бизнес түптөдү

Баткенде 30дан ашык мигранттардын үй-бүлөлөрү чакан ишкердикти баштады. Эми алар балдары чет жактан которгон акчаны сарамжалдуу пайдаланууну гана эмес, каражатты туура инвестициялап, киреше табууну да жакшы билишет.

Орусияда кыйналып тапкан акчаны Кыргызстанда бир сотых жерден тапса болот

Абдуразак Саипов Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында жашайт. Анын балдары Баткендеги басымдуу үй-бүлөлөрдүн катарында Орусияда эмгектенет. Өзү айдоочу болуп иштеп, өмүрү жолдо өткөн. Былтыркы жылы жергиликтүү “Инсан-Лейлек” коомдук фондунун мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн каржылык сабаттуулугун арттыруу, акчаны туура инвестиялоо боюнча окууларына катышып калган. Ошондон кийин Абдуразак аке лимон өстүрүүгө киришти. Ал көчөттөрдү Өзбекстандан алып келген. 40 түп лимон үчүн бир сотыхтан ашыгыраак жер жетиштүү болду. Күнөскана болсо гранттык эсептен курулду. Чакан гана аянт берекелүү болорун айтат багбан. Кышында лимондордун алдындагы жерге жашылча-жемишти эгип, өздөрүнүн керегине кенен жаратат.

“Биз Тажикстанга чейин барып, анан өзүбүздүн Баткенде окудук. Жер иштетүү боюнча көп нерсени билдим. Мол түшүм алуу үчун бакты туура караш керек экен. Быйыл лимондорду бутадым. Кийинки жылдан мөмө жыйнап калабыз. Бир түп лимон эле аз дегенде 200 кг түшүм берет. Аны 100 сомдон сатса, 20 миң сом болот”, – дейт Саипов.

Ал жылына 3 млн сомдон таза киреше тапкан үчкоргондук багбан менен жакындан таанышкан. Бул Абдуразак акени ого бетер шыктандырып турган кез. Ишкер лимон өстүрүү боюнча өзү үйрөнгөндүн баарын башкалар менен бөлүшкүсү келет. Айылдаштарым, мекендештерим бөтөн жерде кыйналып акча таппай, бир эле сотых жерди иштетип, жакшы жашаса деген ниетин билдирди.

“Үй-бүлөлүк бюджетти туура пландап, балдар Орусиядан салган тыйынга, анан “Инсан-Лейлек” көрсөткөн жардам менен ишкердик баштап отурабыз. Экологиясы таза, азык-заттуу жерде туруп, ушул ишти мурда баштабаганыма арман кылам. Азыр Орусияда деле акча табуу кыйын. А бул жакта чакан жерге күнөскана куруп, лимон эгип сатышсын. Бир сотыхтан бир жылда 300 миң сом алсын. Кышында бактын түбүнө помидор, жашылча эгип, баа асмандаган маалда килосун 150 сомдон сатышсын. Мен заманбап технологияларды колдонуп, жер иштетүүгө чакырам. Кимге болбосун жол көрсөтүп, жардам берүүгө даярмын”, – дейт Абдуразак Исаев.

Беш аялды жумуш менен камсыздаган Буухава чебер

Буухава Усманова жыл башында  чакан тигүү цехин ачты. Ал өз үй-бүлөсүнө гана киреше алып келбей, беш аялды да жумуш менен камсыздады. Чеберлер сеп даярдашат, кийим тигип, оңдоп-түзөшөт.

Буухава Усманованын чеберканасы

Буухава эженин балдары Орусияда иштеп, жакында эле мекенине кайтты. Мурда үйдө мүмкүнчүлүккө жараша чеберчилик менен алектенчү. Мигранттардын акчасын туура инвестициялоо долбоорунун алкагында ал  чакан цехти уюштурду. “Инсан-Лейлек” уюму ага тигүүчү машина алып берген. Эски имаратты болсо жолдошу, балдары оңдоп-түзөп, аялдардын иштешине шарт түзүп беришти.

“Азыр штапель сезону, кыз-келиндерге жука көйнөктөрдү тигип жатабыз. “Инсан-Лейлек” бала бакча ачып жаткан экен, төшөнчө сыяктуу керектүүлөрүнүн баарына бизге буюртма берип,  ошону да даярдоо менен алекпиз. Сентябрдан жумуш дагы көбөйөт”, – дейт Буухава эже.

Абдуразак Исаев жана Буухава Усмановага окшоп Баткенде жалпы 30дай үй-бүлө чакан ишкердикти баштады. Мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн кичи бизнес долбоорун колдоону “Инсан-Лейлек” уюму бир катар изилдөөлөрдөн кийин чечкен.

“Орусиядан которулган акча кантип сарпталарын изилдедик. Баткен менен Лейлектин төрт айыл өкмөтүндө сурамжылоо жүргүзгөндө, которулган каражаттын 40%ы той-ашка кетери анык болду. Экинчи орунда ажылык сапар чыгымы, андан кийин балдардын окуу акыларын төлөө жана үй-жайды оңдоо турат. Бирок ушунун баарына сарпталган тыйын бир кетет, анан жок. Акча туубайт. Каражатты натыйжалуу иштетүүнүн бир гана жолун көрдүк – чакан жана орто бизнеске инвестициялоо”, – дейт “Инсан-Лейлек” уюмунун башчысы Гүлнара Дербишева.

Ошентип, долбоор башталат. Уюмдун бир шарты бар эле – капиталдын 50%ы мигрант жөнөткөн акча болуш керек, 50%ы гранттык эсептен. Башында мындай шартка эч ким көнбөй турду, 100% грант бергиле деп жатышты.

“Бизде мигранттар салган акча, анан гранттар элибизди жалкоо кылып койду. Биз муну каалабадык. Эгер 100% грант берсек, анда кичине иш баштап эле, таштап коюшмак. Пилоттук катары Абдуразак Саиповдун бизнес идеясынан баштадык. Ага 250 миң сомго күнөскана куруп бердик. Ал өзү Өзбекстандан 40 түп лимон алып келди. Ушундан кийин долбоорго кызыккандар кайрыла баштады”, – дейт Дербишева.

Мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү айыл-чарбадагы жаңы технологиялар, бизнес долбоорду кантип жазат, киреше-чыгашаны кантип эсептейт, кошумча нарк чынжыры – продукциянын баасы кантип аныкталат деген төрт багытта окуулардан өттү. Ушундан кийин ишкердик планын жазып, 3 жылга чеийин жана андан кийин бизнеси кандай өнүгөрүн көрө алгандар гана грант алышкан.

Мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн бизнес идеяларын колдоо долбоору жыл ягына чейин уланат. Эми чоңураак төрт бизнести колдогону жатышат. Бул сүттү кайра иштетүүчү ишкана, өндүрүштүк деңгээлдеги чоң пекарня болушу мүмкүн.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген