Баткенде 3 айылга өзгөчө кырдаал тартиби киргизилди

Бүгүн, 21-мартта, Баткен облусунда коронавирусун жуктурган алгачкы учур катталды. Ал жаран Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну. Буга байланыштуу, Баткен районунун үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Район акими Каланбек Маркаев тарабынан Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал тартибин киргизди. Акимдин буйругуна ылайык, бул айыл аймактарга блок посттор коюлуп баштады.

Бул тууралуу Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иллюстративдик фото: Слово Кыргызстана

 

Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 12ге жетти

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген