Баткендик окуучу түтүндү өзүнө тартып алып, кайра таза аба чыгара турган кондиционер жасады

 “21-кылымдын интеллектуалдары” деп аталган эл аралык кароо сынак Ош шаарында быйыл биринчи ирет өтүп жатат. Сынак КР Билим берүү министрлиги жана “Алтын түйүн” академиясы тарабынан уюштурулуп жатат. Бул жолку сынакка Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан, ошондой эле региондордон келишти да катышуучулар келишип, жалпысынан 300 дөн ашуун эмгектер калыстардын сынына коюлду.

Казакстандан келген Арыстанбек Тилеугалиев  башкалардан өзгөчөлөнүп, электр энергиясын 30-40 пайызга чейин үнөмдөөчү техниканы ойлоп тапкан. Арыстанбектин долбоору ишке ашса, электр энергиясын үнөмдөөдөн сырткары  мектептердин айланасындагы  экологиялык  тазалык да сакталат.

Ал эми Баткен облусунан келген 10- класстын окуучусу Мадина Ильязова экологияны тазалоочу кондиционер ойлоп тапкан. Мадинанын айтымында анын долбоору өлкөгө пайдалуу долбоор.

“Мен кураган кондиционер башкалардан айырмаланып, үйдүн чатырына коюлат. Завод- фабрикалардан, унаалардан чыккан түтүндөрдү өзүнө сиңирип алып, кайра таза абаны бөлүп чыгарат”,- дейт жаш ойлоп табуучу.

Аталган эл аралык сынак 4 күнгө созулуп, анын алкагында алдыңкы делген  8 долбоор тандалып алынат. Жеңүүчүлөргө “Алтын түйүн” академиясы тарбынан сыйлыктар берилээри күтүлүүдө. Конкурстун максаты- жаш ойлоп табуучуларды колдоо менен аларга шарт түзүү болуп саналат.

https://www.youtube.com/watch?v=fiQUihrpel4

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген