Баткенде 1-сентябрга чейин 176 үй курулат

1-сентябрга чейин Баткен районунда 28-29-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда жабыркаган үйлөрдүн курулушу аяктайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Джунушалиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда Баткен жана Лейлек аймактарында 140 үй курулуп жатат.

“Ошондой эле, Баткен шаарында каза болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн 36 үйдүн 80-90 пайызы курулуп бүттү. Ал жерге электр жарыгы тартылды, канализация жана таза ичүүчү суу маселеси чечилип жатат “, – деди ал.

Джунушалиев үйлөр демөөрчүлөр тарабынан тартылган каражаттын эсебинен курулуп жаткандыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, социалдык объектилерди оңдоо жана куруу иштери жүргүзүлүүдо. Бул жумушка мамлекеттик бюджеттен 450 миллион сом бөлүнгөн. Жалпысынан 8 объект калыбына келтирилет, анын ичинен 5 мектеп, 2 бала бакча жана 1 ФАП.

“Өткөн жумада Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны болду. Бардык жумуштарды 1-сентябрга чейин бүтүрүүгө буйрук берилген”, – деп түшүндүрдү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Ошондой эле, Максат айылында демөөрчүлөр 2 ФАП жана 1 бала бакчанын курулушун өз мойнуна алышканын кошумчалады.

“Курулуш процесси президент Садыр Жапаров менен министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун көзөмөлүндө. Биз аларга күн сайын маалымат берип турабыз “, – деп сөзүн жыйынтыктады Айбек Джунушалиев.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.