Баткен жаштары болочоктогу президентке сунуштарын айтышты

Алдыдагы президенттик шайлоодон өлкө эли илгери үмүт артып турган кез. Калктын алдында турган эң башкы милдет – мамлекет башчылыкка татыктуусун гана тандап алуу. Жаңы ажо өлкөдөгү аксап турган тармактарды алдын ала аныктап, өз программасына киргизиши керек. Ал  үчүн Баткен жаштары президентикке талапкерлерге өз сунуштары менен кайрылышты.

Учурдун көйгөйүн тизмектеп чыккан 100дөн ашык жаштар, эң олуттууларын аныктоо үчүн “Жаш тилек” форумуна чогулушкан. Экономика, экология, билим берүү жана саламаттыкты сактоо багытындагы маселелер ортого салынды. Эң алды менен жумушсуздукту кыскартуу үчүн ишкердик чөйрөсүн кеңейтүүгө колдоо көрсөтүү  зарыл дешти.

Баткенде калктын 30%ын жаштар түзсө, алардын үчтөн бир бөлүгү миграцияда жүрүшөт. Анын арасында жогорку билимдүүлөрү да бар. Атайын адистикти окуганы менен жумуш орундары жок.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz