Баткен: жашоочулар саркынды суу чыккан кампаны жылдыруу талабын коюшту

Баткен шаарынан чыккан саркынды суулар Базар-Башы кварталында жайгашкан кампага чогулат. Булганыч суу топтолгон жерден жайы-кышы жагымсыз жыт арылбай, айланасындагы 50дөй кожолукка ыңгайсыздык жаратат. Мындан улам жашоочулар таштанды суу топтолуучу кампаны көчүрүү талабын коюшту.

 “Менин үйүм саркынды суу топтолуучу жайдан 100 метрдей алыста жайгашкан. Кыш, жай дебей, жагымсыз жыт келет. Жайдын күнү таптакыр чыдап болбойт”, – деди Базар-Башы кварталынын тургуну Кубаныч Турсунбаев.

Жашоочулар жугуштуу оорулар пайда болот деп тынчсызданышат. Себеби, кампадан ары шаардын четине кетүүчү түтүктөгү булганыч суу калк колдонуучу каналга кошулат. Санитардык талаптарга жооп бербеген булганыч суунун кампасын жылдыруу талабы 8 жыл мурда көтөрүлгөн. Бирок жыйынтык чыкпай келет. Адистердин айтымдарында, саркынды аралашкан суу жугуштуу оорууларды пайда кылуу ыктымалы жогору. Мындан 32 жыл мурун булганыч суу топтолгон кампанын деңгээли көтөрүлгөндө жашоочулар массалык ичкелте оорусуна кабылган болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.