Баткен жана Согди облусунун өкүлдөрү жолукту

Кечээ 17-майда, кечки саат 20:00дө, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасында жолугушту. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жетекчилер, Кыргызстандын Ак-Сай,Тажикстандын Ворух айылында, жарандардын кармалышы боюнча орун алган окуя тууралуу сүйлөшүштү. Жыйынтыгында кыргыз жарандарын сабаган тажик жарандарын, мыйзам чегинде жоопко тартуу макулдашылды.

Ошондой эле чек аралаш аймакта буга чейин орун алган окуялардын кайталануусуна жол бербөө, чыр чатактардын алдын алуу, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешип иш алып баруу сүйлөшүлдү.

Мындан сырткары, тараптар чек ара аймактарындагы маселелерди ыкчам чечип туруу максатында, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте, чек арада, жума сайын жолугууну макулдашышты.

Натыйжада Ак-Сай айылы менен Ворух айылынын кесилишкен жерине, эки айылга кирген, чыккан жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн, милиция кызматкерлеринин биргелешкен посту коюлду.

Ошондой эле чек аранын кооптуу участкалардында, эки мамлекеттин чек арачыларынын биргелешкен патрулу түзүлдү.

Эки тараптуу сүйлөшүү түнкү саат 24:00го чейин уланып, ага эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.