Баткен жана Согди облустарынын башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат

Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода чек арадагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын суу алуучу жайынын айланасында абал туруктуу. Бирок, эки тараптын адамдары дагы эле тарай элек.

Жеринде жергиликтүү бийлик менен түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу иштери жүрүп жатат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен ыкчам штаб түзүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.