Баткен: Жалпы эл медицина кызматкерлерин колдоого киришти

Баткен облусунун эли дарыгерлерди коронавирустан коргоочу каражаттар менен камсыздоого жапа тырмак киришти. Ыктыярдуу кыз-келиндер медицина кызматкерлери үчүн вирустан коргоочу кийимдерди жана бет-каптарды жер-жерлерде тигип, ал эми антисептикалык каражаттар менен ишкерлер камсыздап жатат.  

Облустун район, шаарлары, айыл өкмөттөрү аймактагы коргонуучу каражаттарга болгон муктаждыкты жоюу максатында, жергиликтүү бюжеттен каражат ажыратып, бей өкмөт уюмдардан тарта жеке ишкерлер, ыктыярчылар, активисттер жана дин өкүлдөрү менен бирге, чогуу иш алып барышууда.

Ыктыярчылар оорукана кызматкерлерин жана санитардык карантиндик көзөмөл постто турган кызматкерлерди коргонуучу каражаттар жана кийимдер менен камсыздап жатышат.

Премьер-министр: Оорулуулар менен байланышкан акыркы адам табылмайынча карантин улана берет

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.