Баткен: винзавод ишин жандантты

Баткендин Чоң-Талаа айылындагы вино завод өткөн айда ишин баштады. Жүзүм сезону башталып, дыйкандар ишканага түшүмүн өткөрүүдө.

Айылдагы 100 гектар аянттан жыл сайын 200 тоннадай жүзүм жыйналат. Мындан сырткары заводго Кадамжайдын Бүргөндү аймагынан жана Лейлектин Арка айылынан дыйкандар жүзүм тапшырышат. Ошондо сезонунда жалпы 500 тоннадай сырье чогулат. Бул көрсөткүч ишкананын алгачкы иштеп баштаган жылдарына салыштырмалуу 2,3 эсеге аз.

Даярдалган жүзүм ширеси Бишкектеги вино жасоочу цехтерге жиберилет. Көлөмү жылына 500 тоннага чейин. 100 тоннадан 150 тоннага чейин коньякты заводдун өзүндө даярдашып, Казакстанга экспорттошот. Ал эми вино жасоого техникалардын эскилиги жеткен. Жаңылоого 500 миң доллар керектелет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген