Баткен: сууга зарыккан эл. Малга бергидей да суу жок

Баткендин Кара-Булак айылында таза суу жеткиликтүү эмес. Миңге жакын кожолук болсо, анын 150дөйү эки жылдан бери ичүүчү сууга жетинбей келишет. Арыкта да агынды суу такай акпайт. Андайда айылдын жогору жагындагы 1 чакырымдай аралыктан суу ташып ичишет.

Батма Жаныкулова арыкка суу келээр замат болгон идиштерин сууга толтурат. Атпесе, 1 чакырым алыстан ташып келүүгө аргасыз болот. Кээде айлап суу токтоп калат. Андайда унаасы барлардан суранып, Баткен шаарынан же айылдын өйдө жагындагы каналдан суу алдырат.

 “Ушинтип суу келгенде толтуруп алам. Кийин суу жок кезде колдонобуз. Жаштар Баткенден суу алып келип берет болбосо, чал кемпирге кыйын болду”, – деди  Кара-Булак айылынын тургуну Батма Жаныкулова.

Эки жылдан бери түйшөлгөн жергиликтүүлөр бийлик өкүлдөрүнө көп ирет кайрылышкан.  Натыйжада быйылкы жылдын планына кирип, айыл өкмөттөн 475 миң сом каралган. Ал бир гана Кара-Булак айылына эмес айыл өкмөттөгү суу жетпеген аймактарга сарпталат.

Курулуш ушул жылы башталып, ал ашар жолу менен жүрмөкчү. Ыктыярдуу ишчилерге азык-түлүк жагынан көмөк көрсөткөнгө айыл өкмөт демөөрчүлөрдү караштырып жатат. Белгилей кетсек, Кара-Булак айылы район борборунан 18 чакырым алыстыкта жайгашып, тоолуу аймактардын катарына кирет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.