Баткен: суу акысы 30%га кымбаттады

Баткен шаарында таза суу акысынын  кымбатташы нааразычылык жаратты. Анткени ичүүчү суу күнүнө эки саат гана берилип, жашоочулардын баарын толук камсыздай албайт. Жеткиликтүү суу бербей жатып акынын көтөрүлүшүнө тургундар каршы болуп жатышат.

Буга чейин суунун 1 кубу 15 сом 10 тыйындан сатылып келсе, эми 17 сом 16 тыйын болуп бекитилди.

“Шаарга ичүүчү суу үзгүлтүксүз жетпей туруп, тарифтин көтөрүлгөнү тургундардын нааразычылыктарын жаратууда. Анткени таза суу сааты менен гана берилип, толук камсыз болбойбуз. Жетишсек алып калабыз, болбосо жок. Толук кандуу жеткиликтүү болсо, акыны канча десе да төлөөгө макул элек”, – деди Баткен шаарынын тургуну Чынара Ташбекова.

Абоненттердин нааразычылыгы негизсиз экенин “Таза суу” муниципалдык ишканасы билдирет. Алардын маалымдашында, тарифтин көтөрүлүшү калкты үзгүлтүксүз суу менен камсыздоого багытталган. Тагыраагы, суу системасын жаңылоого  Европа өнүктөрүү банкы бөлчү 5 млн евронун 1,5 миллионун кайтарууга акы жогорулаган.

 “2018-жылдан тартып, таза суунун төлөмү 30%га жогорулады. Себебибиз Европа өнүктөрүү банкы аркылуу 4 млн евролук инвестиция алдык. Анын 2,5 млн кайтарымсыз, 1,5 млн кайтарымдуу болгондуктан кредитти төлөө үчүн тарифтик төлөмдү жогорулаттык”, – дейт “Таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Даанышбек Камчыев.

40 миң абоненттен таза суу үчүн жылына 5 млн сом жыйналып келсе, жаңы тариф боюнча 1,5 млн сомго көп чогулат. Мындайда 12 жыл аралыгында төлөм аркылуу 1,5 млн евролук карыздан кутулууга болот. Ал эми долбоор быйыл күз мезгилинен тарта ишке кирет. Бул багыттагы адистер окутуулардан өтүшүп, керектелүүчү техникаларга тендер жарыяланды.

5 млн еврого  бааланган долбоор ишке ашса, ар бир короого суу түтүкчөлөрү киргизилип, эсептегичтер орнотулат. Анда абоненттер колдонгонуна жараша төлөм жүргүзөт.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar