Баткен: Согментеги маданият үйү 20 жылдан бери оңдоодон өтө элек

Баткен облусуна караштуу Согмент айылындагы маданият үйү оңдоого муктаж. Имарат акыркы жолу мындан 20 жыл мурун оңдоп-түзөөдөн өткөн. Андан бери эскилиги жетип, кароосуз калган мекемеге айланды.

Азыр айылда имаратты маданият үйү экенин жаштар билбей деле калышкан. Анткени шарттын жоктугунан маданий иш чаралар өтпөйт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо мекемени оңдоого каражат жок экенин айтышууда.

Бул жерде көптөгөн концерттер болот эле. Жыйын чогулуштар ушул жерде өтчү. Азыр эскилиги жетип, полдору чирип кетти. Ондоого айыл өкмөттүн каражаты жок болуп жатат“, – деди Согмент айылдык маданият үйүнүн башчысы Асылбек Имаров.

1960-жылдары курулуп, 350 орунга ылайыкташкан имарат алгач мектеп болгон. Кийинчерек маданият үйүнө айланган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматында облуста жалпы 15 маданият үйү болсо, анан жарымы оңдого муктаж.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген