Баткен шаарынын өзгөчө статусу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды

Баткен шаарынын өзгөчө статусу жөнүндө мыйзам долбоору кечээ, 22-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында үч окууда кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, аймакка өзгөчө статус берилгенден кийин, товарларды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун өзгөчө режими киргизилет жана Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жеңилдиктер сунушталат.

Ошондой эле, аталган мыйзам долбоорунун алкагында министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчөтүү каралгандыгы белгиленди:

  • атайын функционалдык жана административдик, уюштуруучулук жана административдик ыйгарым укуктар жана өзгөчө статус;
  • мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо, укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.