Баткен шаарында түнкүсүн спирт ичимдигин сатууга тыюу салынды

Баткен шаарында спирт ичимдиктерин саат 21:00дөн 09:00гө чейин сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдиргенин kabar.kg жазды.

Анда маалымдалгандай, мындай чечим шаардык кеңештин жыйынында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулулукту алдын алуу максатында кабыл алынган.

Ошондой эле окуу жай, спорт аянтчалардын 100 метр аралыгында спирт ичимдигин сатууга тыюу салынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.